Премьер-министр республикалык жолдорду куруу жана оңдоо маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 18-майда өкмөт башчы Темир Сариев каржы министри Адылбек Касымалиев, транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр учурда республикадагы жол көйгөйүн абдан актуалдуу деп эсептей турганын билдирди. "Президент Алмазбек Атамбаев жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө маани берет жана өкмөттүн алдына жалпы республикалык жолдорду жакшыртуу боюнча конкреттүү милдет жүктөлгөн", - деди ал.

Темир Сариев кошумчалагандай, республикалык баланска кирбеген жолдордун абалы абдан начар. "Облустук жана райондук борборлордогу унаа жолдордун абалы өтө начар. Бишкек шаарында жыл сайын жол оңдоо иштери жүрүп, жыртык-тешиктер жамалганы менен, алардын сапаты мыкты болбогондуктан, алар кайрадан эле баягы кейпине келүүдө",- дейт Сариев.

Өкмөт башчы өзгөчө көңүлүн автоунаа жолдорунун курулушуна жана сапатына буруп, Транспорт жана коммуникация министрлиги автожолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашыруусу кажет экенин айтты. Ошондой эле ал Аргынбек Малабаевге реконструкциялоого муктаж болгон райондук жана облустук борборлордогу автожолдордун тизмесин тактоо тапшырмасын берди.

Ал эми Каржы министрлигине республика аймактарындагы жолдорду оңдоо жана курууга 1 миллиард сомдон ашуун кошумча каражатты издештирүү тапшырмасын койду жана жолдорду оңдоо жана реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан