Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда таксистти муунтуп, унаасын тартып алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, белгисиз эки адам таксисттен Келечек жаңы конушуна жеткирип коюшун суранышкан. Бирок алар белгиленген жерге жеткенде таксистти муунтуп, унаасын айдап качып кетишкен. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 17 жаштагы М.И. жана 32 жаштагы У.О. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.