Бишкекте 64 жаштагы кароолчуну сабап, 1,7 миллион сомдук зер буюмдарды алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя "Берекет Гранд" соода борборунун жер төлөсүндө болгон. Анда белгисиз адам 64 жаштагы кароолчуну сабап, 1,7 миллион сомдук зер буюмдарды алып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.Т. кармалган. Ал мурда “карачылык”, “унаа уурдоо”, “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери менен соттолгон.