Cаясий кызматкерлердин кирешесин декларациялоо жүрүмүн жакшыртуу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында “Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Мамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелерин, каржылык милдеттенмелерин, мүлкүн декларациялоо жүрүмүн жөнгө салууну жакшыртууга багытталган. Декларацияда жарандардын кирешелери менен кошо алардын чыгашалары жөнүндө маалымат берүү талабы камтылууда.

Ал эми Салык кызматынын өкүлү декларация толтурган жарандар өздөрүнүн жана жакын туугандарынын чет өлкөдөгү активдери менен мүлкү жөнүндө да маалымат берүүгө тийиш экенин айтты. Жыйынтыгында комитет демилгени экинчи окууда жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан