Кумсалардын укугун коргогон уюм “Калыс”, “Кырк чоро” кыймылдарынын үстүнөн прокуратурага арыз жазууга ниеттенүүдө

17-майда кумсалар менен “Калыс”, “Кырк чоро” уюмдарынын ортосунда болгон чырга байланыштуу кумсалардын укугун коргогон өкмөттүк эмес уюм Башкы прокуратурага арыз жазууга ниеттенүүдө.

Бул уюмдун билдиришинче, 17-майда жаш активисттер кафеде Гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күндүн урматына уюштурулган майрамдык кечеге бастырып киришкен. алтанаттуу иш-чарага “Калыс” жана “Кырк чоро” кыймылдарынын өкүлдөрү кирип келишип, майрамдын катышуучуларын коркутуп, бир кыздын ден соолугуна залал келтиришкен. Мындан улам биз милиция чакырдык, бирок келген укук коргоо органдары биздин өкүлдөрдү чачынан сүйрөп унаага салып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. 5 саат суусу же тамак-ашы жок отурушкан биздин өкүлдөр дааратканага да бара алышкан эмес. Ал эми жогоруда аталган кыймылдардын балдары бул учурда райондук бөлүмдүн ичинде жай баракат басып, тамак-аш жеп, курсактарын тойгузушкан. Мындан тышкары укук коргоо органдары кече катышуучуларын коркутуп, алардын жыныстык мүчөлөрүн көрүп, алардын арасынан трансгендердик адамдарды табууга аракет кылышкан. Активисттер 18-майда түнкү саат 1де коё берилген. Буга байланыштуу биздин уюм прокуратурага кайрылып, бузулган укуктары боюнча арызданууга даяр" деп айтылат маалыматта.  

Ал эми “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдакматов SUPER.KG порталына байланышып, ал жерде бир жыныстагы адамдардын баш кошуп жатканынан улам киришкенин билдирди.

“Алгач дарбазасына келип, дарбазаны ачуусун өтүндүк, бирок ага каршы болушту. Ал жерде эч кандай Гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күндүн урматына уюштурулган майрамдык кече болгон эмес, кумсалар үйлөнүп жатышкан. 11-майдан 17-майга чейин ЛГБТ өкүлдөрү гомофобияга жана трансфобияга каршы майрамды белгилешет экен. Бирок кыргыз жеринде Энелердин майрамы өтүп жатса, булар кумсаларды баш коштуруп жатышат. Ал эми эч ким менен эч кандай урушкан жокпуз, эч ким жаракат алган эмес”,- деди Молдакматов.  

Андан сырткары Молдакматов эл аралык уюмдардын баары жапа тырмак киришип, кумсалардын укугун коргоп, кыргыздын жаш активисттерине каршы саясат жүргүзүп жатышканын кошумчалады. “Учурда көптөгөн эл аралык уюмдар башын бириктирип алып, кыргыздын салтына каршы келген нерсени колдоп, кумсаларды кубаттап жатышат. Учурда кумсалардын укугун коргогон бейөкмөт уюм прокуратурага даттанганы жатат”,- деди ал.

"Кырк чоро" жана кумсалардын кагылышуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Asus77
2015-05-19 14:12:39
Ооо Аллахым озун ынсап бер. Лут коомуна берген азабынды бизге бере корбо. Туура жолго тушуубузго озун жардам бер.
+7
temirov76
2015-05-19 14:25:51
Биз кыргыздар, Кыргызстан мусулман мамлекет болгондон кийин мындай кумсаларыбы башкасыбы Кыргызстан территориясында уйлонмок тугул басып жургонго болбош к/к,себеби биз мусулман олкобуз мындай эмелер биздин динибизге ото жат нерсе болуп эсептелет.
+12
Sake80
2015-05-19 14:52:30
Ушу укук коргочулардын кимге кереги бар.Жаап салбайбы.Зыяндан башка пайдасы жок немелерди
+4
A3A
2015-05-19 14:53:55
Калыс уюмунда гейлер жок бекен?
+5
lady.girl7997
2015-05-19 15:09:36
бирок кырк чоро оз билемдик кылбашы керек эле эмнеси болсо да демократия куноолу мунун баарына
-6
Kairatmyn
2015-05-19 15:40:38
lady.girl7997, Демократия озу эмне билесинби? Демократияны тынч кой. Бул нерсеге адамдардын эшекчелик мээси иштебегендиги себеп болуп жатат. Ким айтат жалган деп. Эч ким! Аллах айбан эмес адам кылып жаратканы учун айбан кылбаган ишти биз кыргыздар кылып жатабыз Европаны туурап. Кандай адам ойлонбойт эртеге ажал келип олуп калсам жараткандын бетин кайсы бетим менен карайм деп. Ким айтат буларды адам деп? адам болсо ойлонмокта админ эгерде менин коммент очурсонор силер да буларга кошулган болос
+5
MoXiTo
2015-05-20 09:16:10
Kairatmyn, бирок гей лесбилер бүгүн же кечээ чыккан эмес да. Кыргызда буларды кумса,баччабаз дейт экен (чынын айтсам мен түшүнбөдүм эле биринчи укканымда) значит бир эле Европада эмес бизде деле түшүнүк болгон булар жө мурунтан баштап эле.
Бирок азыр булар өзүлөрү эле ооруулуу болуп калбастан коомго пропаганда кылып башташты өз укуктарын талашып. Эми буларга кандай чара көрүлөт бел
0
Kairatmyn
2015-05-19 15:50:16
Адардан откон макулук болбойт экенда. Мисалы Аллах кунду жаратып ага буйрук берди эч жака жылбай ыссыгынды чачасын деп. Кун милдетин аткарып жатат Аллах жерди жаратты сен тынбай айланып турасын деп жер милдетин аткарып атат. Сууну жаратып сени адамдар ичкенде чанкоосун кандырасын деп суу милдетин аткарып жатат. Эми ойлонолу Аллах адамды жаратып намаз оку жакшы адам бол деген биз милдетти аткарып жатабызбы? А булар кумсалар наоборот. Булардын бул дуйнодо эмес аркы дуйнодогу жашоосу карангы.
+3
Aruukeramazan
2015-05-19 15:59:03
Баягы эле бейокмот уюмдар. Ушулардан кантип кутулабыз.
Суроттогу кыз менен бала кимдер? Гомолорбу же кырк чоронун окулдорубу
+2
nazhiev80
2015-05-19 16:39:25
Aruukeramazan, 40чоро окулу жана журналистка.
+1
modem4999
2015-05-19 17:44:52
Aruukeramazan, тиги баланын байпагынын ону башкача экен ээ?
+2
MoXiTo
2015-05-19 17:53:30
modem4999, хаха бул тойго келгендерден эмеспи же 40 чоро ушунтип чыгабы жумушка бабочка тагып оранжевый носки кийип)))))
+1
Qnet
2015-05-19 16:55:09
Бул нерсени кафыр болуп туруп орустар мыйзам чыгарышпай,жийиркенишет,а биз Кыргыз Эли Мусулман болуп туруп кантип ушул нерсеге оз жерибизде жол беребиз?Ушунчалык эле"кычышып"атса Европасына барып каалаганын кылышсын!Кырк чоро алга!
+3
mirbek2211
2015-05-19 18:20:56
Эркектик намыс деген кайда калган. Дагы уялбай укугун коргойт бекен.
+1
nurik2103
2015-05-19 19:31:12
Калыс палысын кошуп түрмөгө тыгыш керек, ошол жакта булардын орду........
+1
bakyt_2015
2015-05-19 20:35:46
Прокуратура,сот ушул макулуктардын пайдасына чечим чыгарса ит эле болдукко.Биздикилерге ишенчилик жок.
+2
hairullo
2015-05-20 09:06:09
Кырк чоро уюму жок болгондо, эмне кылмак экен элек, булар Кыргызстанга жайылып кетишмек экен. Аллахым озу Кырк чорону бизге жонотуптур. Аллахга мин мертебе шугур кылам. Кырк чоро ийгилик.
0
MoXiTo
2015-05-20 09:28:15
hairullo, ай ийй жөн эле 40 чорону кудайга теңеп алыпсынго кантип эле Кыргызстанга жайылып баарыбыз гей лесби болуп кетмек элек? Адамдын боорун эзесиң да )))) Хайрулложан кичине ойлонуп жазчы
0
Lenin
2015-05-20 09:45:55
Кумсаллар деп кыргызчалаштырып койгонубуз дагы туура эмес. Булар кыргызча созго эмес тамгасына татыктуу эмес. Гомик деп эле айта берели.
Чын эле уйлонуу окшойт оформлениясы ошого окшойт.
+1
Chtc
2015-05-20 10:15:24
Ушулардын укугун коргогондон уялышса болмок. Ой ордо берүүсүндө журналист кыз кыргыздын патриот мырзаларын фашистерге салыштырды.Эмне деген гана пасчылык бул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан