Нарын шаарында уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды

Нарын шаарында уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында үч белгисиз адам Т.Г. аттуу шаар тургунун бычак такап коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок Т.Г. терезеден секирип чыгып кутулган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан