Нарын облусунун Куланак айылында 43 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1972-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран өз үйүнүн жанындагы короодо асынып алган. Окуя болгон жерге Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, денени кароо учурунда эч кандай жаракаттар табылган эмес. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.