Бүгүн, 20-февралда президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандагы 6 мамлекеттин элчилери Ишеним грамотасын тапшырышты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады. Айта кетсек, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов, Япониянын элчиси Такаюки Коике, Ирандын элчиси Али Наджафи Хошруди, Швейцариянын элчиси Лоран Ги, Азербайжандын элчиси Идаят Худуш оглы Оруджев жана Өзбекстандын элчиси Камил Рашидов Ишеним грамота тапшырды. Иш-чарада Алмазбек Атамбаев: “Сиздер менен бирге биз мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрө алабыз. Биздин өлкөбүз сиздердин өлкөлөр, анын үстүнө сиздердей дос элдер менен кызматташуу үчүн ачык. Сиздер өзүңүздөрдүн ардактуу жана жооптуу озуйпаңыздарды орундатууда кыргыз кесиптештериңер тарабынан толук түшүнүү жана колдоо таба аласыздар”,- деди.