Жылнаама, 20-май: Мындан 813 жыл мурун адамзат тарыхындагы эң кыйраткыч деп саналган зилзала Сирияда болгон

*Мындан 813 жыл мурун, адамзат тарыхындагы эң кыйраткыч деп саналган зилзала Сирияда болгон. Күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөөдөн 1 миллион 100 миң киши каза болгон.

* Мындан 60 жыл мурун, КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, кайрадан окуусун уланткан. 

Белгилүү актёр "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" ж.б. тасмаларда роль жараткан.

* Мындан 25 жыл мурун, актриса, ырчы Алиман Дүйшеналиева Каракол шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. “Теңири”, “Жаным”, “Уурунун махабаты”, “Гаишниктер”, “Кызыл көйнөкчөн-2”, “Сүйө бил” деген тасмаларга тартылган.

Алгач сахнага 2010-жылы "Импульс" тобу менен чыккан. Бул топ менен 2 жыл иштешкен соң келишимди жокко чыгарып, Алиша Диа ысымы менен жеке ырчылыкка аттанган.

20-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан