Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үй урап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Бул үй кооптуу абал жаратат. Катуу жамгыр жааса, кулап калуу коркунучу бар. Буга карабай ал жакта дале эл жашайт. Ичине кирип бир тепсең, кулап калчудай”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.