Кара-Кулжа районундагы жол кырсыгынан 7 адам жабыркады

Кара-Кулжа районундагы жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 19-май күнү Кара-Кулжа – Ылай-Талаа унаа жолунда болгон. Анда айдоочу рулду башкара албай калып, Портер үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Кулжа дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 7 адам болгон. Аларды куткаруучулар алып чыгышып, райондук ооруканага жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mister.ailasyz
2015-05-20 15:36:18
Жердештеримди Кудай өзү сактаптыр, Шыпаасын берсин оомин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан