"2015-2017-жылдардагы шайлоо процессинде шайлоочуларды индентификациялоо өнөктүгүн автоматташтыруу долбоорунун" Грант келишимине кол коюлду

Бүгүн, 20-майда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы, Япония өкмөтү менен кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн ортосунда 2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинде шайлоочуларды каттоо жана индентификациялоо жараянын автоматташтыруу боюнча жаңы долбоорду башташты. Буга байланыштуу тараптар меморандумга кол коюшту. Жыйын учурунда президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев билдиргендей, Япония өкмөтү 6,16 миллион доллар бөлүп берүүдө (740 миллион япон йенасы).

Сиздер жакшы билесиздер, быйыл өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын, кийинки жылы жергиликтүү бийлик жетекчилерин, ал эми 2017-жылы КРнын Президентин шайлоо өткөрүлөт. Дал ушул процесстерге жардам берүү максатында, шайлоону таза өткөрүү үчүн бул гранттык жардам биздин мамлекетке өтө маанилүү”,- деди Нарымбаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан