Талас. Облуста жаңы шайланган жаш депутаттардын форуму өтүүдө
Бүгүн, 20-февралда КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын имаратында Талас облусунда шайланган жаш депутаттардын пикир алмашуусун камсыз кылган форум өтүүдө. Иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков да катышты. 2 күнгө созулчу бул форумда КРнын мамлекеттик жаштар саясатынын 2015-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруу, Талас облусунун жаш депутаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле катышуучулар ортосунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын укуктары жана милдеттерине байланыштуу жаралган көйгөйлөр тууралуу пикир алышуу болмокчу.