Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 19-майдагы жыйынында “2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз мамлекети-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Депутат Марат Султановдун билдиришинче, аталган мыйзам долбоору колдоо тапса, жалпы республикалык бюджеттен башка Ош облусун жана Алай, Чоң-Алай райондорун өнүктүрүүгө чоң салым болмокчу. Мыйзам долбоору кабыл алынып, эки өлкөнүн ортосундагы газ өткөргүч түтүктөрү ишке кирсе, жергиликтүү тургундардын жашоо шартын оңдоого жакшы шарт түзүлөрү айтылды.
Комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун жактырышты.