Валерий Диль SES Немец экономика фондунун Борбор Азиядагы долбоорлорунун жетекчиси Юлия Шольтс менен жолугушту

19-майда вице-премьер-министр Валерий Диль SES Немец экономика фондунун эл аралык кызматташуу боюнча Улук эксперттер кызматынын Борбор Азиядагы долбоорунун жетекчиси Юлия Шольтс менен жолугушту.

Жолугушууда Шольтс: "SES эксперттери кыргыз ишкерлерине техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн басып өтүүгө: продукция, менеджмент, маркетинг, персонал жетектөө жана өндүрүштүк процесстердин сапатын жакшыртуу жаатында көмөк көрсөтүүдө. Бардык долбоорлордун негизги компоненттеринин бири - окутуу, жергиликтүү адистердин жана жетекчилик звенонун кесипкөйлүгүн жогорулатуу",- деп билдирди.

Диль аталган кызматтын ишмердүүлүгү жөнүндө кыргыз өлкөсүнүн ишкер чөйрө өкүлдөрү үчүн кеңири бет ачар тартуулоону сунуштады. Иш-чара 21-майда Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча агенттикте, Соода-өнөр жай палатасында жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде өтөт.

Маалыматка таянсак, Эл аралык кызматташуу боюнча Немец экономика фонду алдынкы герман коомдук уюму. Анда пенсия курагындагы адистер жана жетекчи кызматкерлер акысыз иштешет. Бүгүнкү күндө SESте экономиканын 50 тармагы боюнча 12 миңден ашуун эксперт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан