16-майда мас болуп алып ок атышкан жол-кайгуул кызматкерлери кызматтан бошотулушту

16-май күнү Чүй облустук жол-кайгуул кызматынын эки кызматкеринин ортосунда болгон окуянын негизинде жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө аягына чыкты. Анын негизинде Чүй облустук жол-кайгуул кызматынын айрым жетекчилери жумуштан бошотулушту. Бул тууралуу 20-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жол-кайгуул кызматынын инспектору, милициянын старшинасы Жарашбек Маматкеримов табелдик куралынан кесиптеши, милициянын прапорщиги Бакыт Курмангожаевге карата ок чыгарып, аны жарадар кылган. Кызматтык иликтөөдө көрсөткөндөй, 15-майда саат 15:00дөн 23:00гө чейин милициянын прапорщиги Бакыт Курмангожаев график боюнча Жайыл районунда кызматта болгон. Иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин Курмангожаев ордуна келе турган кесиптеши Маматкеримовго байланышка чыккан. Сүйлөшүп жатышып, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, экөө Кара-Балта шаарындагы “Алмаз” унаа токтотуучу жайынан жолугушмак болушкан. Жолугушкандан кийин экөө дагы уруша кетип, жыйынтыгында Маматкеримов Курмангожаевге эскертүү иретинде табелдик тапанчасынан ок чыгарган. Натыйжада Курмангожаев жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Райондук оорукананын берген маалыматы боюнча, жаракат алган милициянын мас болгондугу да аныкталган. Бул окуяга байланыштуу ИИМдин буйругунун негизинде аталган эки кызматкер жумуштан бошотулду.

ИИМдин буйругунун негизинде Чүй облустук жол-кайгуул кызматынын жетекчилери катуу дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышты:

- Жол-кайгуул кызматынын кошуунунун кол башчысы О.Н. ээлеген кызматынан бошотулду;

- Жол-кайгуул кызматынын батальонунун кол башчысы, милициянын подполковниги С.А. ээлеген кызматынан бошотулду;

- Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Б.Э. ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;

- Жол-кайгуул кызматынын кадрлар боюнча батальонунун кол башчысынын орун басары А.Н. кызматына толук шайкеш келбегендиги тууралуу эскертүү алды;

- Чүй жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Д.Б. кызматына толук шайкеш келбегендиги тууралуу эскертүү алды;

- уюмга начар көзөмөл кылгандыгы үчүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Сга катуу сөгүш жарыяланды;

- Жол-кайгуул кызматына адистик даярдоо тобунун ага инспектору, милициянын подполковниги А.Бга катуу сөгүш жарыяланды;

- ИБнын дисциплинардык уставын бузгандыгы үчүн, кол астындагыларга көзөмөл кылбагандыгы үчүн
Жол-кайгуул кызматынын башчысынын орун басары жана Жол-кайгуул кызматынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү координациялоо башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Б.Ого сөгүш жарыяланды.

Окуя териштирилип, тергөө Чүй облусунун прокуратурасына жиберилүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ILYAS181296
2015-05-20 15:58:52
Ишене албай турам)))....мыйзам ушундай иштесе олкодо онугуу пайда болооот буюрса
+4
Bors
2015-05-20 16:33:42
Неге бошотту ушунчасын экоо бир бирин атса причём шефтери. Кайдан билсин буларды мындай экенин
-12
Taku.14.02
2015-05-20 16:38:34
тура кылыптыр акчанын кучу менен иштеген эмелер тесттен 70 пайызы отпой калган ГАИлер
+4
Kairatmyn
2015-05-20 19:19:08
Эмне тан каласынар тан калуунун эч эч кереги жок. Кыргызстандын президентти ким дегенде Жанторо Сатыбалдыев деп жооп дергенде эле булардан тунулгом. Эми озунор деле ойлонсонор акыл эси билими бар адам ушул ишти кылабы.
+5
Aliyar85
2015-05-20 20:25:54
Kairatmyn,))))
-1
temirov76
2015-05-20 19:37:21
Ушинтип кызматтан бошотуп эле жазалап коебу,булар биринин омуруно бири коркунуч келтирип куралдан ок атып атса,гаиден бошотсо милицияга кирип алат да кайра эле акча м/н,карапайым бироо ошентип жолбун итти атса да ок чыгардын деп алып барып камап койсо к/к.
+5
vip.nur91
2015-05-20 20:27:27
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Кыргызстан эмне деген Республика болуп бара жатат фу...
-3
admin_superstan
2015-05-21 10:20:20
vip.nur91, этика нормаларын сактаңыз! Азырынча оозеки эскертүү!
0
Begimkyz.
2015-05-20 21:27:38
Эркекчилик болуп турат.
0
aash
2015-05-20 22:50:22
Медосмотрдагы психиятор эмне болуп жатты болду экен? ))
0
chalkan
2015-05-21 08:31:53
Эки келесоонун азабынан канча кадрлар жапа чегип жатат, уят эледа, атасынын куралын атып жаткансып. Негизи жол кайгуул кызматына офицерлер эле иштеш керек.
+1
Gulnaz.GS
2015-05-21 14:58:13
милиция маилер коптуго баарынан да
0
nurkasym-2014
2015-05-22 08:12:37
Ишенели эми бир гана онугуу учун иштоо калды.Чиновниктерибиз тоюп деле калды го.Же шайлоонун алдындагы коз боемочулукпу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан