Ысык-Ата районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 17-майдан 18-майга караган түнү белгисиз адам дүкөнүнүн айнегин сындырып, ичиндеги товарларды уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган К.Б. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.