Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №23-тергөө абагынын жетекчиси Таалайбек Асанбаев ММК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп, 2012-жылдагы аткарган иштери боюнча маалымат берди. Айтымында, учурда тергөө абагындагы абал туруктуу. Асанбаев билдиргендей, камакта отургандар күнүнө үч маал тамактанышат, ден соолугу начарларга атайын дары-дармектер берилет. Жолугушуунун жүрүшүндө абактын кызматкерлери журналисттердин ар кандай суроолоруна жооп беришип, мындан ары ММКлар менен тыгыз байланышта иштеп, ушундай жолугушууларды тез-тез уюштуруп туруу убадасын беришти.