Дастан Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды тил үйрөнүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 20-майда парламентке экскурсияга келген, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн "Access" долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, депутат балдарды жакшы окууга чакырды. “Убактыңарды бошко кетирбей, көп окугула. Кыргыз, орус тилдеринен сырткары англис тилин дагы билиш керек. Алдыңарга конкреттүү максат коюп, ага жетүүгө умтулгула”,- деди Бекешев.

Депутат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай алдына койгон максаттарына жеткен АКШнын 32-президенти Фраклин Рузвельт жана ырчы Стив Уандер жөнүндө балдарга маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан