Бишкек каржы-экономикалык техникумунда 14 кызматкерди негизсиз кыскартуу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек каржы-экономикалык техникумунда 14 кызматкерди негизсиз кыскартуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Бишкек каржы-экономикалык техникумунун кызмат адамдары техникумда иштеген 14 кызматкерди негизсиз кыскартышып, аларга 742 миң сом компенсация төлөшкөн. Бирок бир канча күндөн кийин бош орундарга башка кызматкерлер алынган. Мындан улам мамлекетке 742 миң сом зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан