Бишкекте унаа уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте унаа уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-май түнү Бишкек шаарынын 12-кичи районунда белгисиз адамдар Лексус жана Тойота үлгүсүндөгү эки унааны уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 18-май күнү кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Темирлан, 22 жаштагы Жеңишбек, 26 жаштагы Владимир кармалган. Алар мындан башка дагы унаа уурдоо боюнча 5 фактыга шектелүүдө. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sabyr1977
2015-05-20 20:47:06
Мына ушинтип кылмышкерлердин атын жазса болот екенго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан