Сириядан Орусияга алынып келинген кыргызстандык жарандын аты-жөнү такталды
Сириядагы жарандык согуштун күч алгандыгына байланыштуу аталган өлкөдөн Орусияга алынып келинген жарандардын катарындагы кыргызстандык жарандын аты-жөнү такталды. Ал 1983-жылы туулган Ольга Ладнова экендиги белгилүү болду. Жолдошу, 2 баласы менен келген Ольга бүгүн, 20-февралда Москва-Бишкек аба каттамындагы учакка отургузулганын КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди. Айта кетсек, 19-февралда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сириядагы КМШ өлкөлөрүнүн 99 жараны тик учактар аркылуу алынып келинген болчу. Кыргызстандык жарандын үйү Сириядагы жардыруулардан улам күйүп кеткен.