* Мындан 3 жыл мурун, Бишкек
шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан журналист Геннадий Павлюктун эстелигин
кимдир бирөөлөр уурдап кетишкен.
Эстелик колодон жасалып, бийиктиги 1,7 метр, салмагы 250 килограмм, баасы 20 миң АКШ долларын түзгөн. ИИМ эстеликтин уурдалышын анын колодон жасалганы менен байланыштырган. Ошол эле жылдын 26-июнь күнү уурдалып кеткен эстелик Ала-Тоо конушундагы үйлөрдүн биринен талкаланган түрүндө табылган.
Журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Павлюк өлтүрүлөрдүн алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн.
* Мындан 36 жыл мурун, кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы биринчи эл аралык шахматтык мелдеш өткөрүлгөн. Мелдеш Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналып, ага А.Белявский, Д.Спилмэн, Е.Васюков, В.Савон сыяктуу эл аралык гроссмейстерлер жана кыргызстандык Н.Зильберман, Л.Юртаев, Д.Маматовго окшогон чеберлер катышкан. Бул таймашта гроссмейстер А.Белявский жеңип, кыргызстандык Н.Зильберман менен Л.Юртаев эл аралык чебердикке норманы толтурушкан.
* Мындан 111 жыл мурун Париж шаарында Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) негизделген. Футбол федерациясын уюштуруу келишимине Франция, Бельгия,
Дания, Голландия, Испания, Швеция жана Швейцария кол коюшуп, федерациянын
биринчи президенттигине Робер Герен шайланган.
Федерация - футбол, футзал жана пляждык футболду жетектөөчү эл аралык ири орган. ФИФАнын штаб-кеңсеси Швейцариянын Цюрих шаарында жайгашкан. Дүйнөлүк масштабдагы футболдук беттештердин баары ФИФА эгидасы менен өткөрүлөт.
* Мындан 87 жыл мурун,
америкалык сүрөтчү-мультипликатор, кинорежиссёр Уолт Дисней Микки Маустун
образын иштетүүгө патент алган. Микки Маус - эң белгилүү мульткаармандардын
бири, XX кылымдын Америка маданиятынын белгиси, азыркы күнү
"Walt Disney Productions" компаниясынын логотиби. 2008-жылы Микки Маустун автордук укугунун баасы
АКШнын 3 миллиард долларынан ашкан.
*Йемендин борборунда өлкөнүн түштүгү
менен түндүгү бириккендигинин 22 жылдыгына арналган аскердик парадга
даярдык учурунда жан кечтинин жардыруусунан 40ка жакын киши набыт кетип,
ондогон адам жараланган. Аскер формасын кийген адам белиндеги бомбаны жардырып жиберген, андан тышкары дагы
эки террорчу кармалган. Окуя президенттик сарайдын жанында болгон. Машыгууга
коргоо министри жана башка расмий адамдар катышып жатышкан. Алар кол салуудан
жабыркашкан эмес. "Аль-Каида" террордук уюму аталган терактты уюштурганын моюнуна алган.
21-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.