Чүй облусунун эки тургуну милицияга ок атуучу куралдарын тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-май күнү 33 жаштагы Б.К. аттуу Көк-Жар айылынын тургуну Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө ИЖ-16Е аңчылык куралын тапшырган. Ошол эле күнү Күн-Туу айылынын 32 жаштагы тургуну 16 калибрлүү сайлуу мылтыгын милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.