"2012-жылы “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын буга чейинки комиссиялардан 5 өзгөчөлүгү бар". Бул пикирди ЖКнын 20-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айтты. “Биринчиси - эл аралык укуктук көзөмөл жүргүзгөн, экинчиси - экологиялык мыйзам бузуулар так көрсөтүлгөн, үчүнчүсү - аргумент, төртүнчүсү - профессионалдуулук. Ал эми бешинчиси - эл аралык сот органдарына кайрылганга негиздүү документтер бар”,- деди эл өкүлү. Учурда парламентте "Кумтөр" маселеси каралууда.