Бишкекте ар кандай кылмыштардын негизинде издөөдө жүргөн 41 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-19-май күндөрү Бишкек шаарында “Издөө” операциясы жүргөн. Анын негизинде 28 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 41 адам кармалган. Ал эми мыйзам бузган 200гө жакын жаран милиция бөлүмдөрүнө алынып келинген. Ошондой эле 7 жансыз дененин өздүгү аныкталган.