Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 2 өрт болгон.
Ош шаарындагы пескоблок чыгаруучу жайдан өрт чыгып, заводдун жанындагы вагон күйөн. Анын ичинен эркек кишинин күйгөн сөөгү табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана маркумдун аты-жөнү такталууда.