Тиленчиева: "Гендер маселеси боюнча өлкөдөгү азыркы абал бир топ эле жакшырды"

"Гендер маселеси боюнча өлкөдөгү азыркы абал бир топ жакшырды". Мындай пикирди депутат Майрамкүл Тиленчиева 20-майда “Гендердик теңчиликти камсыздоодо парламенттин ролу” аталышындагы эл аралык конференцияда кабыл алынган чечимдер тууралуу “Парламент” радиосуна ой бөлүшүп жатып айтты.  

Депутат айрым эркек депутаттардын айымдарга карата мамилесин “тай такты талашпайт” позициясы менен карап жаткандыгын айтып, ага кошулбастыгын билдирди. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасындагы аялдардын активдүүлүгү тууралуу сөз кылган эл өкүлү кыз-келиндердин кийим-кечеге кылган тандоосунан тартып алардын диний ынанымдарына чейинки маселеде өз көз караштары менен бөлүштү. Андан тышкары ал акыркы мезгилде коомчулукта өзүн ислам динин бекем тутунган айымдардын катмарындабыз деп эсептеген өкүлдөр хиджабдарды эмес, кыргыздын улуттук кийимдерин кийсе туура болмоктугун тарыхчы катары белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан