"Кумтөр" келишими боюнча эч кандай сыр болбошу керек. Ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жана вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев арабызда отурушат, алар ачык айтып беришсин”. Бул сөздү бүгүн, 20-февралда ЖКнын жыйынында “Кумтөр” маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын талкуулоо учурунда депутат Ташполот Балтабаев айтты. Анын айтымында, аталган компанияга байланыштуу келишим кандайча түзүлгөнүн ошол кездеги аткаминерлер Курманбек Осмонов жана Жоомарт Оторбаев жакшы билет. Ал эми депутат Туратбек Мадылбеков бул маселе боюнча элге чыккынчылык кылган аткаминерлер жоопко тартылышы керектигин айтты.