Токмоктогу жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган айдоочу Хонда үлгүсүндөгү унааны башкара албай, бетон тосмону сүзгөн. Андан соң унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.