2014-жылы Ысык-Көлдө жайгашкан пансионаттарда 1-июндан 31-августка чейин 65 кылмыш катталган

Былтыр Ысык-Көлдө жайгашкан курорттук пансионаттарда 1-июндан 31-августка чейин жалпысынан 65 кылмыш катталган. Муну бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында журналисттерге КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди. Анын айтымында, алардын 80 пайызы тоноо фактысы боюнча болгон.

2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 3 кылмышка азыраак катталган. Алардын деле 80-85 пайызы тоноочулук фактысы болгон. Ал эми былтыр жасалган кылмыштардын 14ү чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган. Мунун ичинен 8 кылмыштын бети ачылып, калганы иликтенүүдө”,- дейт орган кызматкери. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан