Төрөбай Зулпукаров: "Ош – Исфана жолу былтыр эле курулган, быйыл анын жарымы жок"

“Ош – Исфана жолу былтыр эле курулган, быйыл анын жарымы жок”,- деп билдирди вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында. Зулпукаров мамлекет сырттан алган насыялардын басымдуу бөлүгүн жол куруу багытына жумшап жатканын айтып, бирок анын туура пайдаланылбай, жолдун сапаты тыкыр көзөмөлгө алынбай жатканы өтө өкүнүчтүү экенин билдирди.

Албетте, калкыбыз үчүн жол керек. Биз муну туура түшүнөбүз. Бирок насыя каражатка салынчу жолду кимдер кантип куруп жатканына көзөмөл болушу керек да. Мисалы, Ош – Исфана жолу былтыр эле курулган, быйыл анын жарымы жок, ушу кантип болсун?! Минтип отурсак, калк турмушун оңдой албайбыз. Көзөмөлдү күчөтүп, жолдун сапатын жакшыртуу зарыл,- деди Зулпукаров.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан