Ташчайнар лакап аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров “Украина - менин таланттарым” сынагынын финалына өттү

Ташчайнар лакап аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров Украинанын борбору Киев шаарында өтө турган “Украина - менин таланттарым” аттуу эл аралык сынактын финалына өттү. Сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү 25-майда өтмөкчү. Айта кетсек, Нурлан мырза буга чейин аталган сынакта ичине 26 адам отурган автобусту тиши менен тарткан. Мындан сырткары Спринтер унаасын аркан менен ордунан тартып жылдырган жана 3 киши отурган диванды тиши менен тартып жылдырган. Айта кетсек, “Украина - менин таланттарым” сынагына 60 миңдей оюнчу катышып, алардын ичинен 50 талапкер финалга өттү. 

Украиналыктарды таӊ калтырган Ташчайнар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан