Жол-кайгуул кызматы: “Өлкөдө унаалар көбөйгөн сайын жол кырсыктарынын саны дагы артып жатат”

Катталган жол кырсыктарынын 80 пайызында айдоочулар күнөөлүү болуп чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында КРнын Жол-кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын 65 пайызын жөө жүрүүчүлөрдү коюп кетүү түзөт.

Жолдо унаа кырсыктарынын көбөйүшүнүн дагы бир себеби - өлкөдө транспорт каражаттарынын кескин көбөйүшү. Эгер 2005-жылы кыргыз мамлекетинде жалпы унаалардын саны 500 миңге араң жетсе, 2013-жылы катталган унаалардын саны 900 миң болгон. Ал эми былтыр 1 миллион 200 миңди түздү. Муну менен катар 2014-жылы жол кырсыктары 2013-жылга салыштырмалуу 3 пайызга көбөйгөн. Бирок былтыр август айында жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып пулдун бир топ көтөрүлүшү менен быйыл бул көрсөткүч 3,6 пайызга азайган”,- дейт инспектор.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан