Алмазбек Атамбаев: "ЕАЭБге кирүү менен мамлекет өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады"

"Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуусу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берет, биздин максат - көз карандысыз жана өнүккөн мамлекетти куруу",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 21-майда өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүнө тийиштүү келишимдерге кол коюу учурунда. Мамлекет башчы аталган уюмга кирүү алдында Кыргыз Республикасы бир катар жеңилдиктерди алууга жетишкенин белгиледи. Алмазбек Атамбаев экономиканы жаңы шарттарга адаптациялоо үчүн 1 миллиард доллар капиталы бар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн кошумчалады. "Кыргыз мамлекети өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштоодо, биздин келечегибиз жакшы, бирок бул жолду басып өтүү жеңил болбойт. Экономикабыз кыска убакыттын ичинде кайра түзүлүшү үчүн бардык күчтү жумшашыбыз керек",- деди президент.
Мамлекет башчы уюмга кирүү кыргыз элинин жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк түзөрүн да айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан