Ошто мурда соттолгон 3 жаранга жасалма паспорт берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Калкты каттоо департаментинин Оштогу бөлүмү тарабынан мурда сот жообуна тартылган үч жаранга жаңы паспорт берилген. Текшерүүдө паспорттордун мыйзамсыз берилгени аныкталып, соттолгону жөнүндөгү маалымат тиркелген эмес. Мындан улам Жарандык ал-абалды каттоо жана Калкты каттоо департаментинин Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.