21-февралда Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте алгачкы жолу бүткүл республикалык куран окуу боюнча сынак болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Айта кетсек, буга чейин, тактап айтканда, 11-17-февраль күндөрү Бишкек жана Ош шаарынын, облус Казыяттары куран окуу боюнча жарыш өткөрүп жеңүүчүлөргө борбордо өтө турган сынакка катышууга жолдомо беришкен. Сынакка Бишкек шаарынан 4, Ош шаарынан 6, Ош облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 4, Баткен облусунан 6, Талас облусунан 1, Чүй облусунан 6, Ысык-Көл облусунан 1, Нарын облусунан 2 талапкер катышат. Ошондо жалпы 36 катышуучу ат салышмакчы. Сынак "Курандын 10 жүзүн жаттагандар" жана "Куранды толук жаттагандар" болуп эки багытта өтмөкчү.