Аламүдүн районунун Тоолуу Маевка айылындагы ФАП терезелери сынган, эшиги бир тартсаң кулап калчудай абалда. Бул тууралуу окурман 21-май күнү WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Айылдагы ФАП кароосуз калган үйгө окшош. ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) деп айтууга ооз барбайт. “Жарымы сатылат” деп да жазып коюшкан”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.