"Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына төп келет жана көз карандысыз, өнүккөн мамлекет куруу тууралуу максаттарыбызга үндөшөт”. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 21-майда кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча эл аралык келишимдерге салтанаттуу кол коюу аземи өтүп жатканда айтты.
Президент өз сөзүндө өлкөнүн тагдыры үчүн бүгүнкү күндүн маанисин баса белгиледи: “Бүгүн биз үчүн даңазалуу күн. Азыр Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлат. Ошентип, биз дүйнөдөгү эң ири экономикалык биримдиктердин бирине кошулуу боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду толук аяктадык”.
Атамбаев ЕАЭБге кошулууда жакшы жеңилдиктерге жетишкендигине токтолду. “Кыргыз Республикасы бул биримдикке кошулууда улуттук кызыкчылыктарыбызды башкы орунга коюп, бир топ жеңилдиктерге жетишти. Ошондон кийин гана биз Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимге кол койдук”,- деди президент.
Интеграциянын артыкчылыктары тууралуу айткан Атамбаев өлкөбүздүн кошулуусу Кыргыз Республикасынын товарлары жана кызматтары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 175 миллиондук рыногуна жол ачарын белгиледи. Бул жагдай өз кезегинде улуттук товарларды экспорттоо ишине өбөлгө түзөт, сапатты арттырууга, улуттук продуктулардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн да, башка чет мамлекеттерден да кыргыз жерине келчү инвестициялардын агымын өстүрөт.
Мындан тышкары Атамбаев интеграциянын алкагында жол картасын ишке ашыруу үчүн техникалык жардам иретинде Орусия 200 миллион доллар, Казакстан 100 миллион доллар бөлүп бергенин айтып, мындай деди: “Бул каражаттар чек арадагы бажы постторун союздун стандарттарына ылайык келтирүүгө жана ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн лабораторияларды жакшыртууга жумшалды. Бул жагдай товарларыбызды бардык өлкөлөргө чыгарууга жол ачат. Кыргыз мамлекети өнүгүүнүн жаңы этабына кадам шилтеди. Алдыда жаркыраган келечек, бирок жолубуз жеңил-желпи болбойт. Өлкөбүздүн экономикасы кыска мезгилдин аралыгында жаңы шарттарга ылайыкташып, өнүгүүгө күчтүү түрткү бериш үчүн биз көп күч-аракет жумшашыбыз керек".