Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Улан Маликов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Эске сала кетсек, буга чейин Улан Маликов Тоң районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.