Ошто 31 жаштагы жаран маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Достук кичи районунда Хонда Фит унаасы токтотулуп, тинтүүгө алынган. Анын негизинде 4 килограммдан көп маңзат табылган. Учурда 31 жаштагы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.