19-февралда Москва шаарындагы “Кыргызстан” аттуу дүкөндө кыргыз акындарынын ырларын камтыган “Аруу дүйнө-2” аттуу поэтикалык чыгармалардын жыйнагы сатыкка чыкты. Маалым болгондой, бул китепке Бактыгүл Сейитбекова, Нуриза Өмүрбаева, Жылдыз Алишерова, Мээрим Тиленова, Токтобүбү Асылбекова, Нуржамал Айтбаева, Айсалкын Сооронбаева, Самара Насырова жана Абдилат Урусматов сыяктуу акындардын ырлары кирген. Айта кетсек, аталган китеп Москвадагы “Аруу” фондунда басылып чыккан.