Араван районунда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын 3 жараны 20-май күнү Араван районунун Эсенбай аймагында кармалган. Алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан. Өздүгүн тактаган документтери да болгон эмес. Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.