Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө катыштыгы бар делген 3 адамга издөө жарыяланды

Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө катыштыгы бар делген 3 адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районунда болгон. Анда эки белгисиз адам үйүнүн кире беришинен Дамир Сапарбековду атып кетишкен. Ошол учурда үй-бүлөсү жанында болгон. Сапарбеков алган жараатынан улам ооруканадан каза тапкан. Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. 

Ички иштер министрлиги бул кылмышка катыштыгы бар делген 3 адамга издөө жарыялады. Алар: 1978-жылы туулган Улан Токтосунов (кылмыштуу чөйрөдө Сакал деген ат менен белгилүү), 1986-жылы туулган Зыпарбек Алиев, 1993-жылы туулган Кайрат Токушев.

Айта кетсек, Дамир Сапарбеков 1979-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө “положенец” деген статуска ээ болгон. Анын абактан чыкканына эки ай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bors
2015-05-22 15:07:50
Кайсы кылмыштуу топтун окулдору экенин да жазсанар болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан