3-декабрь - Эл аралык майыптардын күнүнө карата 2012-жылдын 1-декабрынан баштап мүмкүнчүлүгү чектелгендерге айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлөрүн Социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Бул токтом Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан сунушталып, долбоорго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-октябрь күнү кол койгон. Токтомго ылайык, жөлөк пулдун көлөмү 1-топтогу майыптарга 3 миң сомго, 2-топтогу майыптарга 2,5 миң сомго, 3-топтогу майыптарга 2 миң сомго чейин жогорулайт.