Чүй облусунун тургундары өз ыктыяры менен ок атуучу курал жана ок-дарыларды тапшырышты

Чүй облусунун тургундары өз ыктыяры менен ок атуучу курал жана ок-дарыларды тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, атайын өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө 21-майда Токмок шаарынын жашоочусу, 51 жаштагы Ч.Ж. Жантаев көчөсүнөн таап алган белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырган. 
Ал эми Кант шаарынын 39 жаштагы тургуну К.А. ошол эле күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 9 даана ок-дары жана 5,45 калибрлүү ок атуучу куралды тапшырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан