Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Беловодск айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар соода күркөсүнүн эшигин ачып, ичиндеги товарларды уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы Б.А. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.