Алматыда айдоочу айым унаасы менен бала бакчанын тосмосун талкалап кирип, 5 жаштагы кызды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 20-май күнү саат 12:00 чамасында болгон. Анда 46 жаштагы айдоочу айым Тойота Лэнд Крузэр унаасын артка айдап, бала бакчанын тосмосун талкалап кирип кеткен. Анын кесепетинен оюн аянтчасында ойноп жаткан 5 жаштагы кыз каза таап, 9 тарбиялануучу ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор.
Окуя болгон жерден айдоочу айым качып кеткен. Аны ошол эле күнү милиция кызматкерлери өз үйүнөн шок абалында табышкан. Бүгүнкү күнү ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.