Баткен облусунда катуу шамалдан улам келтирилген чыгым эсептелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-май күнү саат 18:00 чамасында Самаркандек айылында катуу шамал болуп, 38 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге чейин жеткен.
Учурда келтирилген чыгым эсептелүүдө.