Өзгөн районунда кечээ, 21-майда болгон катуу шамал бир канча турак үйдүн чатырын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, катуу шамал Өзгөн шаарындагы №32-үйдүн, аскердик бөлүкчөнүн, Жаңы-Өзгөн шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн, Мырзаке айылында 10го жакын турак үйдүн чатырын учурган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.